Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1001.125
KZT0.18400.1910

обновление 06.04.2026 15:51:06

Amnesty: Беларус бийлиги аялдарга кысымын улантууда

Беларустун бийлиги нааразылык иш-чараларына катышкан аялдарды куугунтуктоодо жана аялдардын уюмдарына карата басымды күчөттү. Бул тууралуу Amnesty International уюмунун 8-мартта жарыялаган баяндамасында айтылат. Укук коргоочулар нааразылык чарасы учурунда кармалган аялдарды бийликтер “начар эне”, “начар аял” деп күнөөлөп, балдарын тартып алабыз деп опузалаганын белгилешет. Көптөгөн аялдар кармоо учурунда зомбулукка туш болгон. Беларустун түрмөлөрүндө ондогон аялдар дагы эле кармалып...


08.03.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/azattyk_kabar/31139921.html

 
Loading...

Жарыялар