мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жататБорбордук "Ала-Тоо" аянтында, Ак үйдүн жанындагы митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын талап кылууда. Президент жаңы парламенттик шайлоо дайындап, андан кийин Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулоо тууралуу талаптарды айтып жатышат. Алар "Парламент таркасын!", "Хандыкка жол жок!", "Стоп Ханституция!" деген жазууларды көтөрүп алышкан. Митингге активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар... 09.03.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31140881.html |
|
Loading...
|
|
|