карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Байден Путинге жеке мүнөздөмө бердиАКШнын президенти Жо Байден журналисттин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарды. Байден ABC News каналына берген интервьюсунда Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого катышуу аракети үчүн жакын ара чолодо жооп берээрин билдирди. Журналисттин «Путин үчүн анын кандай кесепети болот?» деген суроосуна Кошмо Штаттардын президенти «жакында көрөсүңөр» деп жооп кайтарды. 40 жылдан ашык саясатта жүргөн Жо Байден Путинди жакшы билип калганын, аны... 17.03.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31156044.html |
Loading...
|
Жарыялар |