Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR91.2092.20
RUB0.9951.030
KZT0.12000.1900

обновление 25.02.2025 16:45:23

KICB, KyrSEFF жана “Газпром Кыргызстандан” акция: газ мешин насыяга алып, насыянын суммасынан 20%га чейин грант катары алыңыз

Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы (KICB), KyrSEFF, туруктуу энергетикалык каржылоо программасы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясы кыргызстандыктарга экологиялык таза жаратылыш газына өтүүгө жана жогорку КАП менен энергияны үнөмдөөчү газ мештерин колдонууга жардам берет


26.03.2021 : www.super.kg

источник: https://www.super.kg/kabar/news/352039/

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк