Кыргызча анекдот / апенди:

Бирөө өлүптүр
Бардык нерсеге кулагын түрүп кызыга берген бир жигит жолдо кетип баратып, элдердин топтолушуп турганын көрөт да, ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып калат. Аңгыча 'бирөө өлүптүр' деп угат. Жанталашса да өз көзү менен көрө албай койот.
Айласы кеткенде:
- ары болгула, өлгөн адам менин атам, деп ийет.
Адамдар баары таң калып карап калышат.
Жигит жүткүнүп барып эле караса эшек жатыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.0087.50
EUR100.60101.60
RUB1.1751.240
KZT0.17000.1900

обновление 09.06.2026 18:01:44

Бишкекте акындардын республикалык айтышы өттү

28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү. Айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзүп, 12 акын ат салышты. Калыстардын чечими менен баш байге (200 миң сом) Идирис Айитбаевге ыйгарылды. 1-орунга Баян Акматов (150 миң сом), 2-орунга Акматбек Султан уулу (100 миң сом), ал эми 3-орунга Тынчтык Эсенбай уулу (50 миң сом) ээ болду. Мындан тышкары таймашка...


29.03.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31175111.html

 
Loading...

Кызматтар