Коркок имам
Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: Түркияда карантин чаралары кайрадан күчөдүТүркияда коронавирус илдетинин кайра тездеп жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды. 29-мартта президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында алааматтуу коронавируска байланышкан чектөөлөр кайрадан киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана... 30.03.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/azattyk_kabar/31175931.html |
|
Loading...
|
|
|