Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Премьер-министр Марипов: Ала качуу - кылмышПремьер-министр Улукбек Марипов мажбурлап никеге туруу үчүн кыздарды ала качуу кылмыш экенин жана ал үчүн жазалоо каралганын билдирди. Бул тууралуу Марипов Бишкекте Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин комментарий берип, «бул иш-аракет адамга каршы жана аны актоого негиз жок», - деп кошумчалады. Өкмөт башчы Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды. «Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын... 07.04.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31191965.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |