"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Чаташ мыйзамдар жана "бөрк ал десе, баш алмай"Жекшембидеги референдумда Конституциянын жаңы долбоору колдоо тапкандан кийин Кыргызстан бардык мыйзамдарды электен өткөрүп, баш мыйзамга тууралап чыккан жатат. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан отуз жылдан бери карама-каршылыктуу мыйзамдар менен жашап келгенин айтууда. Биринчи кезекте кылмышты иликтөө жана жазалоо мыйзамдарындагы коллизиялар катуу сынга алынып жаткан кез. 13.04.2021 : www.bbc.com |
|
Loading...
|
|
|