карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Киевде карантиндик чаралар узартылдыУкраинанын борбору Киевде коронавируска байланыштуу чектөөлөр 30-апрелге чейин узартылды. Шаардын мэри Виталий Кличко 14-апрелде калаада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди. “Башка аргабыз жок. Андай болбосо бейтаптардын саны мындан ары да көбөйсө, саламаттык сактоо система көтөрө албайт»,-деди Кличко. Киевде карантиндик чаралар өткөн айда киргизилген. Ага ылайык, мектептер, бала бакчалар, театрлар жана соода борборлору жабылган. Ал эми коомдук... 14.04.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31203841.html |
|
Loading...
|
|
|