"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирдиКыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн, 3-май, саат 9:30га карата абал туруктуу экенин маалымдады. Ага ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлеринен турган комиссия аймактарды кароодон өткөрүүдө. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10... 03.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31235067.html |
Loading...
|
Жарыялар |