Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.0087.50
EUR100.60101.60
RUB1.1751.240
KZT0.17000.1900

обновление 09.06.2026 22:31:47

Бишкекте Жеңиш күнү белгиленип жатат (фото)

Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы белгиленип жатат


09.05.2021 : www.super.kg

источник: https://www.super.kg/kabar/news/359893/

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк