Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынчКыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Интернетте тараган видеотасма боюнча түшүндүрүү таратты. Анда жазылгандай, 14-май күнү кыргызстандык нөөмөтчү аскерлер кыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жерде тажик жаранына тиешелүү үй өрттөнүп жатканын байкашкан. Тажикстандык чек арачылар менен телефон аркылуу байланышкан учурда алар өрттү тастыктап, коопсуздук үчүн кыргызстандык нөөмөтчү аскерлерди алысыраак алып кетүүнү өтүнүшкөн. 15-май күнү Баткен... 16.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31257316.html |
Loading...
|
|