Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Улуттук банк "Кумтөрдүн" алтынын алууга даяр“Кумтөр Голдго” Кыргызстан тышкы башкаруу киргизгенден кийин Кумтөр кенинде иш кандай жүрүп жатат? Алтын каякка сатылат? “Kумтөр Голд” 2021-жылга карата 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Кыргызстан компаниядагы өндүрүштү колуна алып убактылуу башкара баштагандан тартып өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сатууну көздөп жатат. “Алтынды сатып алууга Улуттук банк даяр жана биздин андан башка да банктарды карап атабыз. Андын тышкары өкмөттүн да акчасы бар. Ошондой эле пенсиялык... 19.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/uluttuk-bank-kumtordun-altynyn-aluuga-dayar/31263079.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |