Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Чөлкөмдөгү абал, Нур-Султандын мүдөөсү

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга расмий сапар менен барды. Эки күндүк сапар жүрүшүндө казак-тажик мамилесинен сырткары Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулай турганы айтылды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбүгө расмий сапар менен 19-майда барды. Аны аэропорттон тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө Токаев Тажикстандын Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Казак президентинин маалымат кызматы...


20.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/cholkomdogu-abal-nur-sultandyn-mudoosu/31263628.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк