"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Ротация: Акимдер алмаштыКыргызстандын дээрлик бардык райондорунда акимдер алмашты. 19 райондун иштеп жаткан акими башка райондорго которулса, 18 аким жаңы дайындалды. Март айынан баштап акимдер жана орун басарлары аттестациядан өтүшкөн. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эгемендик тарыхындагы район акимдеринин эң чоң ротациясын жасады. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык акимдерди президент кызматка дайындап, бошотот. Буга чейин бул укук өкмөт башчыда болгон. Президенттин расмий сайтына жарыяланган... 23.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31269311.html |
|
Loading...
|
|
|