карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыз-тажик чек арасы: Орусиянын ойлогону эмне?Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экинчи ирет Орусияга барып келди. Сочидеги жолугушууда расмий Москва кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө жардам берерин билдирди. Чек аранын эки тарабынан 50дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган куралдуу жаңжалдан кийин Орусиянын аралашканы эмне берет? 27.05.2021 : www.azattyk.kg |
Loading...
|
Жарыялар |