Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: Бир күндө тогуз адам каза болду, 356 бейтап жаңы катталдыКоронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын алтоо Бишкекте. Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1797 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 356 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (162) жана Чүй облусунда (78). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий... 29.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31279635.html |
|
Loading...
|
|
|