Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосуКумтөр кенин кыргыз өкмөтү сырткы башкарууга алып, учурда өзү иштетип жатат. Буга Centerra компаниясы алтынды жапайычылык ыкма менен казганы себеп болгону айтылат. Негизги карьердин үстүндөгү "Давыдов" мөңгүсүнүн 178 миллион куб метр аянты талкаланган. 29.05.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/video/20210529/1052657935/kumtor-keni-kandaj-ishtep-zhatat.html |
|
Loading...
|
|
|