Кыргызча анекдот / апенди:

Салам салуу
Бир үй бүлөнүн кичине баласы (иниси) агасынан мурун үйлөнүптүр. Чоң баласы Россиядан үйүнө келиптир.
Апасы келинине кайрылып:
- Бул сенин кайнагаң болот, жүгүнүп салам салып кой, дептир.
Келин кайнагасына бурулуп салам сала баштайт.
Кайнагасы эмне деп айтышын билбей
- Молодец, молодец, дептир.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.50101.50
RUB1.1851.230
KZT0.12000.1920

обновление 10.06.2026 21:01:42

Чек ара отрядындагы окуяда жараат алган экинчи аскер каза болду

Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонгону айтылган аскерлердин экинчиси 3-июнда каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 1-июндагы окуяда чек ара отрядында иштеген аскерлердин бири каза таап, экинчиси оор жаракат алган эле. Алган жарааттарынан улам экинчи аскер 3-июнда көз жумду. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (BCh)  


03.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31288969.html

 
Loading...

Жарыялар