Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Адвокат: Инандынын жубайы түрк элчисине жазган катын тапшыра албай жатат

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчисине жазган катын тапшыра албай жатат. Бул тууралуу 15-июнда «Азаттык» радиосуна Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди: “Электрондук кат менен жөнөттүк. Жооп жок болду. Биз колго тапшыралы деп элчиликке барсак күзөт кызматкери катты окуп, элчинин уруксаты керектигин айтты. Анын уруксатын кантип алсак болорун сурасак билбей турганын айтып кетип калышты”. Рейхан Инанды...


15.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31308540.html

 
Loading...

Жарыялар