"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Дин комиссиясы БАЭнин “Хидаят” борбору менен кызматташтыкты талкууладыБүгүн 16-июнда Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) “Хидаят” борборунун директору Али Рашид ал-Нуайми менен жолугушуу өткөрдү. Мекеменин маалыматына караганда, “Хидаят” борбору – экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм. Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, диний билим берүү, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын кайрымдуулук иштери тууралуу сөз болуп,... 16.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31311047.html |
|
Loading...
|
|
|