Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул"Кыргызстандын эң башкы "Токтогул" гидроэлектростанциясын (ГЭС) суу менен камсыздаган кампада суунун көлөмү 10,8 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз. Жаратылыштагы суунун азаюу циклинен улам чөйчөккө суунун толушу бир-эки жылдан бери азайып жаткан. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу менен аны көбөйтүүгө аракет кылууда. Бирок парадоксалдуу жагдай, аларга кайра ток бериш үчүн сууну дагы агызууга туура келүүдө. 18.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/toktogul-ges-suu/31314765.html |
|
Loading...
|
|
|