Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.7584.90
EUR99.00100.50
RUB1.1551.174
KZT0.19200.2030

обновление 25.09.2021 08:25:20

COVID-19: Австралияда жаңы типтеги вакцина сынала баштады

Австралияда коронавируска каршы Nucleus Network компаниясы иштеп чыккан спрей өңдүү жаңы типтеги вакцина сынала баштады. Адистер бул препарат AstraZeneca жана Pfizer вакциналарына караганда натыйжалуу болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Компаниянын медицина багытындагы директору Пол Гриффиндин айтымында, жаңы вакцина коронавирустун жайылышын бир канча эсе азайтат. Толук колдонууга эки жылдан кийин чыгарылат. Учурда Австралия тургундары  AstraZeneca жана Pfizer вакциналары менен эмделүүдө....


20.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31316990.html

 
Loading...

Жарыялар