"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдөОрусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берүүдө. Бул Путин өлкөнү башкарган жылдардагы 18-жолку түз эфир болуп калмакчы. Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан көрсөтүлгөн эфир аркылуу президент жарандарды тынчсыздандырган жана кызыктарган суроолорго жооп берүүгө даяр экенин ишарат кылат. Бул жолу Владимир Путинге 1 миллионго жакын суроо жана кайрылуу түшкөн. Алардын көпчүлүгү коронавирус пандемиясы менен күрөш, вакцинага байланыштуу суроолор экени... 30.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31333408.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |