Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

УКМКдагы кылмыш ишти кыскартууга убада берген алдамчылар кармалды

УКМКнын карамагында иликтенип жаткан кылмыш ишин кыскартуу убадасы менен жарандардан 65 миң доллар акча алган деп шектелген эки киши (Э.И. жана Ж.Э) кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, алар өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин жакыны катары тааныштырган. "Шылуундар ишти кыскартып, камактагы кишини бошотууну убада кылышкан" дейт милиция. Бул факт Жазык кодексинин...


01.07.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31335261.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк