Кыргызча анекдот / апенди:

Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.80102.80
RUB1.1301.175
KZT0.18000.2000

обновление 02.05.2026 18:16:43

Татарстандагы фестивалга кыргызстандык эки тасма катышат

Кыргызстандык режиссерлордун эки кыска метраждуу тасмасы Татарстанда өтүүчү XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалына катышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Режиссер Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Эгиздер тогуздан кийин» аттуу кыска метраждуу тасмаларында өлкөдөгү социалдык абалга чырмалышкан адам тагдырлары көрсөтүлөт. "Кыз бала" тасмасынын каарманы - айылда чоң ата, чоң энеси менен...


07.07.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31344940.html

 
Loading...

Жарыялар