Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.1089.00
EUR95.6096.60
RUB0.9630.980
KZT0.13900.2060

обновление 19.05.2024 22:25:20

"Сапар": Чек арага чеп болгондор

Кыргыз-тажик чек арасындагы тиреш бүтүндөй регионду сестентти. Фергана өрөөнүндөгү чек араларын такташа албай келаткан Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси оор сыноодо турат.


26.05.2021 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/sapar-tv-57261660

 
Loading...

Кызматтар