Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Курманкул Зулушев: сот чечимдеринин 16% гана аткарылуудаБул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 13-июлда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде жаңы кодекстер боюнча парламенттик угуу учурунда айтты. “Баш мыйзамда соттордун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө прокуратурага жүктөлдү. Кодекстер кабыл алынса, биз сот аткаруучулар менен тыгыз иштешебиз. Соттун чечими аткарылса, элдин сотко болгон ишеними кайтат”, - деди Зулушев. Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа... 13.07.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31356208.html |
Loading...
|
Жарыялар |