Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Кургакчылык: Арал аймагында өзгөчө абал жарыяланды

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Арал аймагында кургакчылыктын айынан өзгөчө абал жарыяланды. Облустук акимчиликтин сайтында өзгөчө абалдын шарттары 13-июлдан тарта күчүнө киргизилгени кабарланды. Расмий маалыматка ылайык, Арал аймагында 550дөн ашуун бодо мал өлдү. Облус акими малды жуттан сактап, жайыттарды жана эгин талаасын сугаруу үчүн көлмөлөрдү толтуруп, каналдарды тазалоо маселесин көтөрдү. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнүп, өкмөткө кат жолдоду. Буга чейин Мангистау...


15.07.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31359241.html

 
Loading...

Авто-мото