Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.80102.80
RUB1.1201.170
KZT0.15000.1980

обновление 02.05.2026 18:16:44

Президент элди эмделүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров 20-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өлкө башчы Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен өтүп жатканын белгиледи. Ал жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө чакырды. “Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга...


20.07.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31367789.html

 
Loading...

Авто-мото