Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Эпкин - Баш-Кууганды жолу: ДЭУ-24түн жетекчиси иштен алындыТранспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Эпкин - Баш-Кууганды жолунун абалы менен таанышкандан кийин бул долбоорду көзөмөлдөгөн Жумгалдагы Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ-24) жетекчисин жумуштан алды. Мунун алдында аталган райондо айрым жергиликтүү тургундар жолдун абалына нааразы болуп жол бууган эле. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул жолду оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкы жетиштүү акча берген, бирок ДЭУ-24 тийиштүү иштерди жасаган эмес. Эпкин - Баш-Кууганды жолун... 21.07.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31369756.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |