Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Министр: автоинспекторлор үч смен менен иштейтМинистр ИИМдин ЖКККББсы менен Чүй облустук ЖККБнын ишин катуу сынга алып, адамдардын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлерге кылмыш ишин дагы козгоо керектигин белгиледи. 23.07.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/society/20210723/1053308229/ministr-ulan-niyazbekov-avtoinspektor-uch-smen.html |
|
Loading...
|
|
|