"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Иран: “диктаторго өлүм”деген ураан менен каршылык акциясы өттүИрандын борбору Тегеранда суунун таңкыстыгына жана жашоо-шарттын оорчулугуна нааразы болгон жарандар “Диктаторго өлүм” деп кыйкырып, каршылык акциясына чыгышты. Farda радиосу социалдык тармактарга чыккан видео тасмалар менен текст түрүндөгү кабарларды топтоду. Анда каршылык акциясы 26-июлда эртең менен Тегерандын чок ортосу болгон Жомхури Ислам кең көчөсүндө өткөнү айтылат. Демонстранттар 15-июлдан бери Ирандын Хузерстан аймагында жана башка айыл-шаарларында суунун таңкыстыгына байланыштуу... 27.07.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31379869.html |
|
Loading...
|
|
|