Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Орусия Тажикстанга акысыз курал-жарак беретОоганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусиянын 201-базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Ал ошондой эле, Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр экенин айтты. Орусиянын коргоо министри Тажикстан ЖККУга мүчө, аскердик союздаш болгондуктан анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде "Москва четте карап турбайт" деп ишендирди. Шойгу... 28.07.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31382279.html |
Loading...
|
Жарыялар |