Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.70
EUR101.30102.30
RUB1.0851.105
KZT0.15000.1700

обновление 10.08.2025 02:44:02

Ала-Көлдө жоголгон туристтин сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон туристтин сөөгү 1-августта табылды. Ал 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Тек-жайы такталып, милицияга өткөрүлүп берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  Орусиянын жараны, теги казакстандык 29 жаштагы Варвара Конопасевич үй-бүлөсү менен Каракол-Ала-Көл жайлоосуна эс алууга келген. Отун тергени кеткен бойдон дайыны чыкпай калган. Издөө иштери тоолордо, дарыялардын жээгинде жана токойдо жүргүзүлдү. Сөөгү Каракол суусунан табылды.   


02.08.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31388940.html

 
Loading...

Жарыялар