Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкек "жунглиси" көрүүчүлөрдү күтөтБишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500 миңге жакын түрү өсөт. 05.08.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/greenhouse-of-the-botanical-garden-in-bishkek/31381120.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |