Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Месси ПСЖ менен келишим түзүү үчүн Францияга келди«Алтын топтун» алты жолку ээси, футболчу Лионел Месси «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубу менен келишим түзүү үчүн Францияга 10-августта келди. «Бул Париж» деген жазуусу бар футболкачан 34 жаштагы аргентиналык спортчуну Ле Бурже аэропортунда жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты. ПСЖ футбол клубунда бразилиялык Неймар жана жылдызы жанып келаткан Килиан Мбаппе дагы ойнойт. 8-августта Месси «Барселона» клубунан кетип жатканын билдирип, маалымат жыйын өткөргөн. Ал 2000-жылы 13 жашында бул клубга... 10.08.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31403166.html |
|
Loading...
|
|
|