Кыргызча анекдот / апенди:

Коркок имам
Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.40
EUR94.5095.50
RUB0.9400.970
KZT0.13900.2050

обновление 30.04.2024 02:25:10

Баткен: курулушу кечиккен үйлөр

Апрель айынын аягындагы Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү кечигүүдө. Маселен, Баткендеги Тажикстан менен чектешкен Достук, Көк-Терек айылында үйлөрдүн фундаментти гана куюлду. Чатырда жашаган бул айылдын тургундары бийликке кайрылып, күзгө чейин турак жай менен камсыз кылууну суранып жатышат.


13.08.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/batken-kurulushu-kechikken-uylor/31408898.html

 
Loading...

Жарыялар