Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1701.220
KZT0.17000.1900

обновление 14.06.2026 07:01:35

Ооган президенти эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин түшүндүрдү

Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал бир аз мурда "Фейсбукка" өз кайрылуусун жарыялап, бүгүн оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи. Ал эгерде Кабулда кала берсе, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты. "Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани. Буга...


16.08.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31411842.html

 
Loading...

Авто-мото