карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Талибдер ооган аткаминерлерине мунапыс убада кылды"Талибан" кыймылы Ооганстандагы өкмөт өкүлдөрүнө мунапыс берүүнү убада кылып, мамлекеттик мекемелерди ишин жандантууга чакырды. Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттиги аталган кыймылга таянып жазды. "Кадимики жашоого ишенимдүү кайтып келиши үчүн баарына жалпы мунапыс жарыяланды", - деп айтылат талибдердин билдирүүсүнө. "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын... 17.08.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31414527.html |
|
Loading...
|
|
|