мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Чылымдын түтүнү кишини тез картайтатБайыркы адамдын жаңы үлгүсү табылды, ал мындан 7200 жыл мурун жашаган. 1000ден ашуун балага жасалган тажрыйба тамеки түтүнү менен дем алган наристелер тез карышарын аныктады. Кан басымы жогору адамдардын саны акыркы 30 жылда 1,28 миллиардга жетти. “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар. 29.08.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/tamekinin-tutunu-tez-kartaitat/31432784.html |
Loading...
|
Жарыялар |