Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыз өлкөсү - Палестина беттешинде эс-учун жоготкон палестиналык машыктыруучу ооруканада дарыланууда2-сентябрда орун алган Кыргыз өлкөсү - Палестина беттешинде стадиондо эс-учун жоготкон Палестина курамасынын дарбазачыларынын машыктыруучусу Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда 06.09.2021 : www.super.kg источник: https://www.super.kg/kabar/news/376157/ |
|
Loading...
|
|
|