Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Футбол: Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен уттуБүгүн, 7-сентябрда Бишкекте жыйынтыкталган "Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы жеңүүчү болду. Бул күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курама командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңишке жетти. Кыргызстанга тиешелүү голдорду Элдар Молдожунусов (10-мүнөт), Алимардон Шүкүров (39-мүнөт), Турсунали Рустамов (46-мүнөт) жана Бактияр Дүйшөбеков(90-мүнөт) киргизсе, Бангладешке таандык бир голдун автору... 07.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31448389.html |
Loading...
|
Жарыялар |