Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Балдарга зомбулуктан коргонууну үйрөткөн колдонмо иштелип чыкты

Кыргызстандагы укук коргоочулар балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керектигин үйрөткөн колдонмо иштеп чыгышты. Бул тууралуу "Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна кабарлады. Колдонмо эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен иштелип чыккан. "Автобустарда тестиер кыздарга, балдарга тийишкен учурлар көп катталууда. Колдонмодо балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керек...


08.09.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31449240.html

 
Loading...

Жарыялар