карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШ талибдер түзгөн өкмөттү убактылуу деп атадыАмерика Кошмо Штаттары Кабулдагы талибдер баштаган ооган өкмөтүн убактылуу же өткөөл министрлер кабинети катары сыпаттады. "Администрацияда эч ким, президент дагы, улуттук коопсуздук кызматынан дагы талибдер эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн угат жана урматтайт деп ырасташпайт. Алар азырынча ынандырган жок", - деди Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки. Буга чейин шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиянын жана башка 20га жакын өлкөнүн жетекчилиги менен болгон онлайн... 09.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31451188.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |