Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Пакистан Ооганстандан адамдарды эвакуациялоону улантатПакистандагы эл аралык аба компаниясынын өкүлү кийинки жумадан тарта Кабулдан адамдарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар жанданарын билдирди. Өкүл Абдулла Хафиз Хан "Франс пресс" агенттигине авиакомпания учууга уруксат алганын маалымдады. Анын айтуусунда алгачкы чартердик каттам 13-сентябрда Исламабаддан учуп, кайра артка кайтат. Кабулга коммерциялык каттамдар качан жанданары белгисиз. Өкүлдүн айтуусунда чартердик каттамдар айрым чет өлкөлүк агенттиктер жана элчиликтердин,... 12.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31455443.html |
|
Loading...
|
|
|