мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Россияда 1 млн. рублден жогору айлык алган адистер бар. Алар кимдер?Россиянын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 17 104 киши 1 миллион рублден жогору айлык алат. 12.09.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/Russia/20210912/1053881913/rossiya-zhogorku-ajlyk-1-million-rubl.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |