Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Жалал-Абад: Чатырдан секирди деген өспүрүм кыздын өлүмү иликтенүүдөЖалал-Абадда өспүрүм кыздын өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-сентябрда болгон. Облустук ооруканадан кыздын сөөгү келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Баштапкы териштирүүнүн жыйынтыгында 12 жаштагы кыз өзү жашаган көп кабат үйдүн чатырынан секирип каза болгону аныкталган. Кыз суицидге барганбы же кокустук болгонбу, азырынча белгисиз. 2020-жылы Кыргызстанда 44 өспүрүмдүн өлүмү суицид катары катталган. (TB) 16.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31463793.html |
Loading...
|
Жарыялар |