Бир купеде
Бир аскер, командири, кемпир жана кыз поездде бир купеде саякаттап калышат.
Поезд тунелге кирип купенин ичи карангы болуп калат.
бир убакта ММММАХ деп өбүшкөн үн чыгат, андан кийин ШАПАААК деп шапалак менен урулган үн чыгат.
Тунелден чыккандан кийин кемпир:
- Кыз азамат экен, тарс эткирип шапалак менен бир чапты, деп ойлонот.
Кыз болсо:
- Ушул кемпирдин эмнесин өбөт десен, чон эне да жакшы кылды бир чаап, деп ойлойт.
Командир болсо:
- Блин... аскер кызды өптү, шапалак да бизге тийди, деп жини келип ойлойт.
Аскер да:
- Ха ха, мен азаматмын, колумду өбүп, командирди кандай сонун урдум
Кийинки анекдот/апендини оку
Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйын өттү23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте жыйын өткөрдү. Ага мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кыргыз тили боюнча адистери, жогорку окуу жайларынын проректорлору жана мектеп мугалимдери катышты. Жыйында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу талкуу болуп, көйгөйлөр айтылды. Соңунда улуттук комиссия тилди... 23.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31474213.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |