карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин жанындагы өрт кантип өчүрүлдү. 11 сүрөтБүгүн, 28-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампада өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. 28.09.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/photo/20210928/1054053439/bishkek-imperiya-pitstsa-kafe-ort-11-surot.html |
Loading...
|
Жарыялар |